Кыргызстанда бир жуманын ичинде кумшекер, сабиз кымбаттаса, жумуртка менен күрүч арзандады
6 апрель

Кыргызстанда бир жуманын ичинде кумшекер, сабиз кымбаттаса, жумуртка менен күрүч арзандады

КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкө боюнча социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки жыйынтык боюнча өлкөдө жалпы баа абалы туруктуу бойдон калууда. Көпчүлүк товарлар боюнча олуттуу өзгөрүүлөр катталган жок.

Апта ичиндеги негизги баа өзгөрүүлөрү

Айрым сезондук жана рыноктук өзгөрүүлөр байкалган:

Баанын өсүшү:

  • кумшекер – 0,5%га (76,6 сомдон 77,0 сом/кг);
  • сабиз – 1,4%га (41,5 сомдон 42,1 сом/кг).

Баанын төмөндөшү:

  • тоок жумурткасы – 3,3%га (134,1 сомдон 129,7 сом/10 даана);
  • пияз – 2,3%га (27,4 сомдон 26,8 сом/кг);
  • күрүч – 0,4%га (141,4 сомдон 140,8 сом/кг).

Калган товарлар боюнча баалар өзгөрүүсүз же өтө аз — статистикалык ката чегинде өзгөргөн.

Негизги товарлар боюнча орточо баалар (республика боюнча)

  • 1-сорт буудай уну (жергиликтүү) – 34,9 сом/кг (өзгөрүүсүз)
  • 1-сорт буудай уну (импорттук) – 44,1 сом/кг (өзгөрүүсүз)
  • буудай наны – 66,6 сом/кг (өзгөрүүсүз)
  • лепешка – 97,8 сом/кг (өзгөрүүсүз)
  • пастерленген сүт – 81,4 сом/л (+0,1%)
  • өсүмдүк майы – 159,7–159,8 сом/л (+0,1%)
  • сары май – 688,5–689,1 сом/кг (+0,1%)
  • уй эти – 707,5–706,3 сом/кг (−0,2%)
  • кой эти – 708,1–711,3 сом/кг (+0,4%)
  • макарон (спагетти) – 79,8–80,1 сом/400 г (+0,4%)
  • картошка – 46,4 сом/кг (өзгөрүүсүз)
  • бензин АИ-92 – 74,7–75,3 сом/л (+0,9%)
  • дизель отуну – 79,74–80,18 сом/л (+0,5%)

Коңшу өлкөлөр жана ЕАЭБ менен салыштыруу

Мониторинг ЕАЭБ өлкөлөрүн жана коңшу мамлекеттерди — Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь жана Арменияны камтыган.

Жыйынтык көрсөткөндөй, Кыргызстанда бир катар социалдык маанилүү товарлар боюнча баалар эң төмөн деңгээлдердин бири бойдон калууда:

— кумшекер (77 сом/кг):
Тажикстан – 128 сом/кг чейин,
Беларусь – болжол менен 70,3 сом/кг

— күн карама майы (159,7 сом/л):
Казакстан – 245,5 сом/л чейин,
Россия – болжол менен 152,2 сом/л

— 1-сорт буудай уну (34,9 сом/кг):
Армения – 85,1 сом/кг чейин,
Казакстан – болжол менен 31,2 сом/кг

— уй эти (706,3 сом/кг):
Тажикстан – 1121,4 сом/кг чейин

— кой эти (711,3 сом/кг):
Армения – 1392,6 сом/кг чейин

— бензин АИ-92 (болжол менен 75,4 сом/л):
айрым өлкөлөрдө жогору, Россия жана Казакстанда гана төмөн — өзүнүн мунай өндүрүшүнө байланыштуу.

Эт баасын жөнгө салуу

Кыргызстанда убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкү товарларга колдонулууда:

— уй эти
— кой эти (сөөксүз эттен тышкары)

Бул чектөө 2026-жылдын 2-майына чейин күчүндө болот.

Салыштыруунун тууралыгы тууралуу түшүндүрмө

Кызматта белгилешкендей, маалымат каражаттарында чет өлкөлөр менен бааларды салыштыруу дайыма эле туура боло бербейт.

Себептери:
— ар кандай категориядагы товарлар салыштырылат (мисалы, жогорку жана 1-сорт ун);
— таңгактын көлөмү айырмаланат (900 г жана 1 кг);
— продукциянын өзгөчөлүктөрү жана өлчөө бирдиктери эске алынбайт;
— кээде социалдык мааниге ээ эмес товарлар да салыштырууга киргизилет.

Мындан тышкары, айрым өлкөлөрдө баанын төмөн болушу өзүнүн чийки зат базасынын жана өнүккөн өндүрүштүн болушу менен түшүндүрүлөт. Ал эми импортко көз каранды экономикаларда бааларга логистика жана тышкы жеткирүүлөр таасир этет.