Кыргызстанда кара чай кымбаттап, көк чай арзандады
Сүрөт: depositphotos.com
8 июль

Кыргызстанда кара чай кымбаттап, көк чай арзандады

2026-жылдын июль айында Кыргызстанда чайдын баасы ар түрдүү өзгөрдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кара байх чайы бир аз кымбаттаса, көк чайдын орточо баасы өлкө боюнча төмөндөдү.

Кара байх чайынын орточо баасы 100 граммы үчүн 120,65 сомдон 120,88 сомго чейин көтөрүлдү. Баа 23 тыйынга, же болжол менен 0,2%га өстү.

Июль айында эң кымбат кара чай Манас шаарында сатылып, анын 100 граммы 137,20 сомду түздү. Андан кийин Таласта – 135,10 сом, Ошто – 127,63 сом, Караколдо – 125,16 сом болду.

Кара чайдын эң төмөнкү баасы Раззаков шаарында катталып, 100 граммы 80 сом болду. Ал эми Балыкчыда бул көрсөткүч 86,93 сомду түздү.

Көк чайдын баасы тескерисинче бир аз төмөндөп, 84,31 сомдон 84,13 сомго чейин түштү. Эң жогорку баа Жумгал районунун Чаек айылында катталып, 100 граммы 124,93 сом болду. Ал эми эң төмөнкү баа Ош шаарында болуп, 100 грамм көк чай 71,51 сомго сатылды.

Бишкек шаарында кара чайдын баасы 118,81 сомдон 119,13 сомго чейин жогорулады. Ал эми көк чайдын баасы дээрлик өзгөргөн жок – 100 граммы 88,53 сомду түздү.