Багбандар 10 сотых гиластан жылына 500 000 сомго чейин киреше тапса болот
24 апрель

Багбандар 10 сотых гиластан жылына 500 000 сомго чейин киреше тапса болот

Багбандар гилас менен карагатты агротокойчулук схемасы боюнча айкалыштырып тигип жерди натыйжалуу пайдалануу менен бирге мол түшүм алса болот. 

Мисалы, 10 сотых аянтта 80 гилас көчөтүн 3×4 метр схемасы менен отургузганда, ошол эле аянтта 330 га чейин карагат көчөтүн 2×1,5 метр схемасы боюнча жайгаштырууга болот. Бул ыкма жердин продуктивдүүлүгүн арттырып, бош аянттарды азайтууга жана эки түрдүү өнүмдү өстүрүү менен туруктуу киреше алууга шарт түзөт. Мындай ыкма узак мөөнөттүү жана туруктуу айыл чарбасын жүргүзүүгө эң ылайыктуу.

Гилас көчөтүн тигүүгө кеткен болжолдуу чыгымды карсак:

Жалпы чыгымдар — 98 000 сом, анын ичинде:

  • Жарым жапыс бойлуу гиластын көчөтү (80 даана) – 32 000 сом;
  • Карагаттын көчөтү (330 даана) – 39 000 сом;
  • Топуракты анализге берүү – 1000сом;
  • Участокту даярдоо (айдоо, казуу ж.б) – 1000 сом;
  • Тамчылатып сугаруу системасы – 24 000 сом;
  • Минералдык жер семирткичтер – 1000 сом.

Биринчи жылы карагаттан 300 килограмга чейин түшүм алынып, бул 60 000 сомго чейин киреше алып келет. 

Үчүнчү жылдан тарта гилас бак түшүм бере баштайт. Орточо эсеп менен жылына 2,5 тоннага чейин мөмө алынат (80 бактан), килограм үчүн орточо баасы 200 сом болгондо, бул болсо жылына 500 000 сом киреше алып келет.

Ал эми өзүңүздүн аймактын шарттарына ылайыкташтырылган, ошол жерде жакшы өсө алган гиластын жана карагаттын сорттору боюнча кошумча маалыматты Министрликтин расмий баракчаларынан тапсаңыздар болот.