Кара-Сууда асфальт жана таш майдалоочу завод ачылды
Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Манас айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында бүгүн, 12-апрелде “Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт жана таш майдалоочу завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.
Заводдун жалпы долбоордук баасы 2 млн АКШ доллар.
Ишкана үч багытта иштеп, өндүрүмдүүлүгүнүн күнүмдүк планы 2 миң тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугу бар. Ал эми таш майдалоочу завод саатына 550 тонна ташты майдалап чыгарат. Ошондой бордюр жана лоток чыгаруучу завод – күнүнө 4000 даана бетон буюмдарын өндүрөт.
Курулуш материалдарын өндүргөн комплекс ишке кириши менен 60 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл иш менен камсыз болот.
Мындан тышкары, бул комплекстин курулуш материалдарын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кум жана шагыл алуу үчүн өзүнүн чийки зат базасы бар.
