Ири мүйүздүү мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган комплекс курууга старт берилди
Бүгүн Байтик айылында Кыргызстан менен Корея Республикасынын инвестициялык өнөктөштүгүнүн алкагында, "ДОД Компани КК" ЖЧКсынын "Көп функционалдуу мал чарба багытындагы агроөнөр жай комплексинин" негизделишине байланыштуу мезгил кутусун салуу аземи болду.
Иш чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Осмонов, «ДОД Компани» ЖЧКсынын башкы директору Ким Хеджун жана айыл тургундары катышты.
Долбоор алкагында:
- этти кайра иштетүүчү заманбап ишкана,
- аны сырьё менен туруктуу камсыз кылуу үчүн 5 000 башка ылайыкталган ири “feedlot” комплекси.
Бул долбоордун 1-этабы 12 млн долларды түзүп, өлкөбүздүн мал чарбасын, кайра иштетүү өндүрүшүн жана региондордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам.
