Жалал-Абадда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан т/ж курулушу активдүү жүрүүдө
25 июль

Жалал-Абадда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан т/ж курулушу активдүү жүрүүдө

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу аймагында жана Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Калма-Кырчын айылында болуп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери менен таанышты.

Биринчи орун басар темир жол курууга керектелүүчү атайын базалардын, тоннель казуу жайларынын жана өндүрүштүк объектилердин курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Нурлан Эрматов тийиштүү кызматтарга экологиялык, санитардык жана коопсуздук талаптарынын так сакталышын камсыз кылууну, ошондой эле курулуштун жүрүшүндө жаралган маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын белгиледи.

Темир жолдун курулушу техникалык жана инженердик жактан өтө татаал долбоорлордун бири болуп саналат. Анын алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 46 көпүрө жана 27 тоннель куруу пландалган. Бул жалпы темир жолдун болжол менен 40%ын көпүрөлөр жана тоннелдер түзөрүн билдирет.