Министрликте «Кыргыз Кымызы» долбоорун өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү
2026-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) жана «Кыргыз Кымызы «Кымызфест» ассоциациясы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйын министрдин орун басары Рысгүл Акимжановдун жетекчилиги алдында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатууга, кошумча нарк түзүүгө жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Кыргыз кымызы» долбоору тааныштырылды.
Катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн маанисин талкуулашты. Ошондой эле кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө, продукциянын сапатына жана коопсуздугуна карата стандарттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле кымызды жыл бою сатууга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар сунушталган демилгени мындан ары иштеп чыгуу жана бээнин сүтүн кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ошондой эле «Кыргыз кымызы» улуттук брендин илгерилетүү максатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.
