Ипотекага батир алып, бирок төлөй албай калса кайра мамлекет алып коебу?
Бул суроого Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “ооба” деп жооп берди.
“Биринчи радионун” эфиринде Келдибеков мамлекеттик ипотека үлүштүк курулуш механизми боюнча 15 жылга, ал эми калган үч багыт – “Арзан”, “Жеңилдетилген” жана “Социалдык” – боюнча 25 жылга берилерин белгиледи.
“Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот, эгерде ипотекага батир алган жаран төлөй албай калса, биз 3 ай күтөбүз. 3 айдан ашып баратса, жарандын чындап эле төлөө мүмкүнчүлүгү жоктугу тастыкталса, анда үйдү кайра алып коюуга укуктуубуз”, – деди ал.
Айтымында, мындай кырдаалга кабылган жаран МИКке шартын, себебин кагаз жүзүндө түшүндүрүп, арыз жолдоого тийиш.
