Кыргызстанда авариялык мектептерди 2030-жылга чейин толук жаңылоо пландалууда
8 октябрь

Кыргызстанда авариялык мектептерди 2030-жылга чейин толук жаңылоо пландалууда

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын аймагындагы курулушка жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон билим берүү объектилери аныкталып, тиешелүү сунуштар Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлүп келет.

2025-жылдын 3-сентябрында Агартуу министрлиги тарабынан авариялык абалдагы жана курулуш иштерин биринчи кезекте жүргүзүүгө муктаж болгон мектептердин тизмеси Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кароосуна сунушталган.

Аталган тизмеге Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Андархам айылындагы А. Бабаханов атындагы орто мектеп, Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш айылындагы «Жеңиш» жалпы билим берүү мектеби, ошондой эле Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл айылындагы С. Момунов атындагы орто мектеп киргизилген.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 23-сентябрында аталган билим берүү объектилерин 2027-жылга карата «Капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен каржылануучу объекттердин титулдук тизмесине киргизүү маселеси боюнча тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Жеңиш айылындагы «Жеңиш» жалпы билим берүү мектеби жана Чет-Кызыл айылындагы С. Момунов атындагы орто мектеп авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.

Учурда аталган билим берүү объектилеринин маселелери тиешелүү мамлекеттик органдардын компетенциясынын алкагында каралууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, республика боюнча авариялык абалдагы мектептерди этап-этабы менен жаңылоо жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектептерди куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Авариялык абалдагы мектептерди 2030-жылга чейин толугу менен жаңылоо пландаштырылууда.