МИК: Жыл соңуна чейин 18 миңден ашуун батир тапшырылат
Учурда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп 82 миңден ашуун батирлүү турак жайлар курулууда. Бул тууралуу аталган компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Айтымында, 2026-жылы МИК 20 миңден ашуун батирлерди ээлерине тапшырат. Анын 3 650сү бүгүнкү күндө бүткөрүлүп, кезеги жеткен жарандар жашап башташты. Дагы жыл аягына чейин 18 806 үй-бүлө турак жай менен камсыз болушат.
Келдибеков белгилегендей, берилген батирлерди аймактарга бөлгөндө, Бишкекте – 2 130, Ош – 543, Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында – 225, Талас облусунда – 319, Нарын шаарында – 216, ал эми Кочкор районунда – 217 батир.
“Кыргызстан боюнча “Түндүк” порталы аркылуу ипотекага кезекке тургандардын саны – 111 139 жаран. Ал эми курулушу активдүү жүрүп жаткан турак жайларда 82 миңден ашуун батир бар. Жарандардын кезеги күндөн күнгө көбөйө берет, ошол эле убакта курулуш дагы токтобойт”, – деди ал.
