2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышына арналган аппараттык кеңешме өткөрдү.
Январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түзүп, план 103,9%га аткарылды. Бул белгиленген пландан 22,7 млрд сомго көп.
Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 259,8 млрд сом киреше чогултулуп, план 103,6%га, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 139 млрд сом чогултулуп, план 104,6%га аткарылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бюджеттин киреше бөлүгүндөгү оң көрсөткүчтөрдү белгилеп, тиешелүү иштерди улантууну тапшырды.
