МИК курган үйлөр канчалык сапаттуу жана ипотека алган жарандар канча акча камдашы керек?
8 октябрь

МИК курган үйлөр канчалык сапаттуу жана ипотека алган жарандар канча акча камдашы керек?

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын сапаты бир нече текшерүүдөн өтөт.

Ал коомчулукта турак жайлар кыска убакытта бүткөрүлүп жатат деген пикирден улам, сапатына күмөн жаралып жатканын белгиледи.

“Негизи бир турак жай комплексин курууга 2 жылдык мөөнөт берилет. Курулуш нормалары боюнча бул жакшы мөөнөт. Эрте дегенде 1 жыл 8 ай, 1 жыл 9 ай дегенде бүткөрүп жатабыз”, – деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, МИК башкы тапшырык берүүчү болуп эсептелинет жана курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүлөт. Курулуш мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткнадыктан, Курулуш министрлигинин техникалык көзөмөлдөөчү адистери ар бир объектиге байланган жана маал-маалы менен барып текшерип турушат. Андан тышкары курулуш компанияларынын техникалык адистеринин кароосунан өтөт. Ошол эле учурда МИКтин дагы өзүнүн техникалык көзөмөл адистери бар жана алар ар бир объектини ар башка этабында текшерүүгө алышат.

“Ал эми курулушка пайдаланылып жаткан материалдардын ар биринин сертификаттары бар. Курулуш министрлигинин алдындагы лабораториядан өткөрүлөт, андан кийин гана колдонулат”,  – деди ал.

Ипотека алган жарандар эмнелерге акча коротоорун дагы Келдибеков айтып берди. Ал белгилегендей, жаран ипотекага батир алып, колуна техникалык паспорт тийгенден кийин МИКтин “Кадастр” менен түзгөн келишимине ылайык, мамлекеттик пошлина төлөнөт – ал 10 миң сом.

“Кадастрдын” тейлөө акысы – 3 миң сомдун тегерегинде.

Үйдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу – чарчы метрина жараша 1500 сомдон 3 миң сомго чейин.

“Жалпы чыгым 16 миңден ашпашы керек”, – деди Келдибеков.