Кыргызгидромет КС-31 жана КС-17нин алдында өткөн Улуттук климаттык жана жаратылышты коргоо диалогуна катышты
Бүгүн Бишкек шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынын 31-сессиясынын (КС-31) жана БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын Тараптар конференциясынын 17-сессиясынын (КС-17) алдында Улуттук климаттык жана жаратылышты коргоо диалогу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын директору Даурбек Сакыев катышып, климаттык туруктуулук, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин башкаруу маселелеринде гидрометеорология тармагынын негизги багыттарын белгиледи.
Диалог мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын, эл аралык уюмдардын, илимий-эксперттик коомчулуктун, каржы институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын климаттык жана жаратылышты коргоо жаатындагы улуттук артыкчылыктарын бирдиктүү позицияга келтирүү жана алдыдагы эл аралык сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн кызыкчылыктарын натыйжалуу илгерилетүүгө даярдык көрүү.
Диалогдун маанилүү багыттарынын бири — Кыргызстандын Тоолуу аймактар боюнча күн тартиби болду.
Кыргызстан сыяктуу бийик тоолуу өлкө үчүн климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн абалына, суу ресурстарына, тоо экосистемаларына жана кооптуу жаратылыш кубулуштарынын тобокелдиктерине түздөн-түз таасирин тийгизет.
Ошондуктан гидрометеорологиялык байкоо, болжолдоо жана эрте эскертүү системаларынын туруктуу өнүгүүсү өлкөнүн климаттык коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
Так жана ишенимдүү гидрометеорологиялык маалыматтар айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү өз убагында баалоого, кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштарды болжолдоонун сапатын жогорулатууга жана тиешелүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Бул багытта байкоо жүргүзүүнүн улуттук тармагын, санариптик технологияларды, болжолдоо мүмкүнчүлүктөрүн жана эрте эскертүү системаларын мындан ары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ.
Климаттык туруктуулук — жалпы аракеттерди талап кылган багыт.
Климаттын өзгөрүшүнө натыйжалуу ыңгайлашуу гидрометеорологиялык кызматтын, өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүчү органдардын, суу жана айыл чарба тармактарынын, илимий коомчулуктун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү жамааттардын тыгыз кызматташуусун талап кылат.
Иш-чаранын тематикалык сессияларында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу, илимий мониторинг жана эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргызгидрометтин Улуттук диалогго катышуусу Кыргыз Республикасынын бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууга жана өлкөбүздүн кызыкчылыктарын эл аралык климаттык аянтчаларда илгерилетүүгө кошкон салымы болуп саналат.
Кыргызгидромет гидрометеорологиялык жана климаттык мониторингдин улуттук потенциалын чыңдоо, болжолдоонун сапатын жогорулатуу жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү боюнча ишин улантат. Бул иштер Кыргызстандын климаттык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталат.
