Акыйкатчы абакта жаткан 2 аялга жардам берди: бири башка камерага которулду, экинчисинин бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылды
8 октябрь

Акыйкатчы абакта жаткан 2 аялга жардам берди: бири башка камерага которулду, экинчисинин бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылды

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жамабаеванын  кийлигишүүсү менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде олтурган 2 аялдын укугу корголуп, коопсуздугу камсыздалды. 

Ушул жылдын 24-сентябрында саат 22:43 чамасында Акыйкатчы Институтунун ыкчам байланыш номерине жаран кайрылган. Ал абактагы кызы А.Д.нын коопсуздугун камсыз кылууга жардам сураган.  

Анын айтымында, кызы менен бир камерада отурган, буга чейин бир нече жолу соттолгон аял ага психологиялык кысым көрсөтүп, шылдыңдап, аброюна шек келтирип келет.

Анын кысымынан улам, А.Д. өз жанын кыюуга бел байлап, апасына коштошуу катын жөнөткөн.

«Апа, мен кыйналып кеттим. Бул жерде өтө коркунучтуу аялдар отурат экен. Мени кечирип коюңузчу. Уулум сизге аманат», — деп айтылат келиндин апасына жазган катында.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери маалыматты жеринен тактоо жана аялдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көрүү үчүн тергөө абагына ыкчам барышкан.

Институттун кызматкерлери менен маектешүү учурунда А.Д 13-июлдан тарта бир камерада олтурган аял ага психологиялык басым көрсөтүп жатканын тастыктаган. 

А.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айыпталууда. 

Институттун кызматкерлери тергөө абагынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, А.Д. дароо башка камерага которулду. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жардам сурап кайрылган №21 мекемеде кармалган дагы бир аялдын укугу корголду. 

Б.М. арызында өнөкөт кызыл жүгүрүк  (системная красная волчанка) оорусунун 3-стадиясы менен жабыркап жатканын билдирип, ден соолугуна байланыштуу ага карата колдонулган бөгөт чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Б.Мнын айтымында, тергөө абагына келгенден кийин анын өнөкөт оорусу күчөп, ден соолугу начарлаган. Ал өз өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралып жатканын билдирген.

Ага ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп,  2026-жылдын майында камоого алынган.

КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы №457 токтому менен бекитилген шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмесинин 10-пунктуна ылайык, өнөкөт кызыл жүгүрүк оорусу менен жабыркаган адамдарды камакта кармоого жол берилбейт.

Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренесине ылайык, айыпталуучуда аны камакта кармоого тоскоолдук кылган, медициналык корутунду менен тастыкталган оор илдет аныкталган учурда, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы кыйла жеңил чарага өзгөртүлүшү мүмкүн.

Жарандын кайрылуусунун негизинде Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага аялдын ден соолугун коргоого укугун камсыздоо боюнча кат жөнөткөн. 

18-августта Б.М. эч жакка кетпөө тили каты менен үй камагына чыгарылды. 

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 9 айында Акыйкатчы Институтунун алдындагы Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү башкармалыгына жалпы 439 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 81 кайрылуу эркиндиги чектелген жайларда жарандарды кармоо шарттарына, 44ү кыйноо фактыларына байланыштуу болгон. Ошондой эле 57 жаран соттун чечимдерине жана аларга карата колдонулган бөгөт чарасына даттанышкан.