Жаратылыш ресурстары министрлигинин Токой кызматына атайын техникалар тапшырылды
8 октябрь

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Токой кызматына атайын техникалар тапшырылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 55 даана компьютер, принтер комплекти, 559 даана планшет жана дрондор сатып алынды.

Компьютердик техника иш процесстерин уюштурууну жакшыртууга, иш кагаздарын жүргүзүүнү тездетүүгө, электрондук отчеттуулукту кеңири колдонууга жана кызматтык маалыматтарды иштеп чыгуунун ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Планшеттер жана дрондор түздөн-түз талаа шартында, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон токой аймактарында иштеген кызматкерлерге берилди. GPS-навигация жана геолокация функциялары, ошондой эле атайын тиркемелер менен жабдылган мобилдик түзүлүштөрдү колдонуу токой фондусунун абалын ыкчам каттоого, мыйзамсыз токой кыюу фактыларын, токой өрттөрүн, браконьерликти жана башка мыйзам бузууларды аныктоого, ошондой эле маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында жеткирүүгө шарт түзөт.

Ал эми атайын техникалар Токой кызматынын мобилдүүлүгүн жана ишинин ыкчамдыгын жогорулатат. JAC үлгүсүндөгү автоунаа, экскаватор, JAC T9 пикабы – тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда рейддик иш-чараларды өткөрүү, токой кайтаруу кызматкерлерин ыкчам жеткирүү, ошондой эле өрткө каршы, көчөт отургузуу жана башка зарыл шаймандарды ташуу үчүн пайдаланылат.