
Кыргыз делегациясы Казандагы "Россия — Ислам дүйнөсү" форумунда инвестициялык долбоорлорду сунуштады
2025-жылдын 14-18-май күндөрү Казан шаарында «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum» аттуу XVI Эл аралык экономикалык форум өтүүдө. Иш-чара Россия менен ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоо максатында мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эксперттердин өкүлдөрүн бир аянтчага топтоду.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Соода-өнөр жай палатасынын, ишкер жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн камтыган делегацияны Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Кубанычбек Боконтаев жетектеп барды.
Форумдун алкагында делегация “Евразиялык өнөктөштүк” аталышындагы сессияга катышып, анда “Каркыра Эко шаары” туристтик курорт долбоору сунушталып, ал Россиянын, Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын инвесторлорунун кызыгуусун жаратты.
Ошондой эле Элчи К.Боконтаев менен Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу өтүп, анда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери, анын ичинде Кыргызстан өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагында жайылтуунун жаңы каналы боло турган Кыргызстандын Соода Үйүн Татарстанда ачуу демилгеси талкууланды.
Форумдун жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлду: Кыргызстандын халал индустриясын өнүктүрүү борбору менен Татарстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын “Халал” стандарты боюнча комитетинин ортосунда Халал стандарттарын өз ара таануу тууралуу меморандум жана Бишкек шаардык мэриясы менен Казан шаарындагы “МАРТ” ассоциациясынын ортосунда шаардык инфраструктура жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө жана башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга багытталган кызматташтык тууралуу Макулдашуу.