Бишкекте айыл чарба азыктарынын үч күндүк жарманкеси башталды
20 март

Бишкекте айыл чарба азыктарынын үч күндүк жарманкеси башталды

Бишкекте 20-21-22-23-март күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. 

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.