Зергердик тармагынын өндүрүүчүлөрүн колдоо. Бирдиктүү салыктын ставка 0,25%га чейин төмөндөтүлдү
Зергердик тармагынын өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25% га чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Жетинчи каналга” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан жыл сайын 20–25 тонна алтын өндүрөт, бирок ата мекендик зергерчилик тармагын колдоо шарттары толук калыптана элек.
“Расмий эсеп боюнча 2025-жылы ата мекендик өндүрүүчүлөр 68 миң зергер буюмун (140 кг алтын) чыгарса, импорттун көлөмү 442 миң буюмга (1500 кг алтын) жеткен — бул 10 эсе көп. Ошондуктан ата-мекендик өндүрүштү коргоо жана өнүктүрүү үчүн жаңы чаралар кабыл алынып, бирдиктүү салык ставкасы 0,25% га чейин төмөндөтүлдү”, — деди төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.
