Ош шаарында жаңы агроөнөр жай комплекси курулуп, миңге жакын жумуш орду түзүлөт
Ош шаарында айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Долбоор 71,35 гектар аянтта ишке ашырылып, аймак 18 лотко бөлүнөт. Бул жерде эт жана сүт багытындагы мал чарбалары, ошондой эле эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар куруларын Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер тилкелери фермерлерге жана жеке ишкерлерге ижарага берилет.
Аталагар долбоор толук ишке киргенден кийин миңге жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт. Учурда комплекс үчүн 1 млрд сомдон ашуун инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан Президенттин Өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев долбоорлорду жогору баалап, өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Азыркы тапта Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Коңур-Жаз» тилкесинде көлөмү 20 миң куб метр болгон суу кампасынын курулушу жүрүүдө. Ал пайдаланууга берилгенден кийин агроөнөр жай комплексин жана анын айланасындагы 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздайт. Бул фермерлердин тоют маселесин жеңилдетип, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
