Баткен облусунда 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда
25 июль

Баткен облусунда 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу облустун 2025-жылдын 6 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган облустук коллегияда айтылды. 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде өткөн коллегияга облус активи катышып, жарым жыл аралыгындагы аткарылган иштер талкууланды.

2025-жылдын январь-июнунда өнөр-жай ишканалары тарабынан 4596,5 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 126,4% түздү, айыл-чарбасы 8842,3 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,7 % түздү.