"Кыргызалтындын" жарым жылдагы кирешеси рекордго жетти
"Кыргызалтын" ААКтын 2025-жылдын биринчи жарымындагы кирешеси рекордго жетти. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6 айында компаниянын таза кирешеси 17 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 эсеге өскөн.
Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын натыйжалуу башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" ААК бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
