
МСК сегиз айда 187,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7 млрд сомго көп жыйналган.
Чогулган сумманын 138 млрд 926,6 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 48 млрд 792 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.
Салыктар жана төлөмдөр пландан 586 млн сомго ашык же 2023-жылдын 8 айына караганда 22,3 млрд сомго көп жыйналды.
Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 6 млрд 327 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 7,3 млрд сомго көп.
Белгилей кетсек, салыктык башкарууну күчөтүү жана экономиканын ар кандай тармактарына мониторинг жана талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн санариптик куралдарды киргизүү салык жыйымдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.