Сүрөт ачык булактардан алынды
11 август
Кыргызстанда инвестициялар 25,5% өстү – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч
Кыргызстан 2026-жылдын биринчи чейрегинде негизги капиталга инвестициялардын өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээледи.
Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, инвестициялар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5%га өскөн.
Арменияда өсүш 22%, Казакстанда 6,4% түздү.
Ал эми Беларусияда инвестициялар 2,7%га, Россияда 14,3%га төмөндөгөн.
Жалпысынан ЕАЭБ боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 11,8%га кыскарган.
