Кыргызстан 600 трактор жана 100 комбайн сатып алат
23 апрель

Кыргызстан 600 трактор жана 100 комбайн сатып алат

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 45,11 млн доллар өлчөмүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Эми бул кредитке берилген каражатка "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн айыл чарба техникаларын лизингге сатып алууга жумшалат.

Аталган долбоордун алкагында, агрардык сектордун техникага болгон муктаждыгынан улам, дүйнөлүк рынокто болгон бааларды эске алуу менен биринчи этапта эле 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда, анын ичинде:

– 600 ар кандай маркадагы жана модификациядагы тракторлор;
– 100 дан жыйноочу жана тоют жыйноочу комбайндар;
– 1000ге жакын айыл чарба машиналарын, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алуу болжолдонууда.