Кыргыз Республикасына импорттолгон айрым товарлар импорттук бажы алымдарынан бошотулду
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 31-декабрына чейин 300 тоннага чейинки какао порошогун импорттук бажы алымынан 0% өлчөмүндө бошотуу демилгеси колдоого алынды.
Бул чечим шоколад, кондитердик, нан, сүт азыктарын, суусундуктарды жана кургак аралашмаларды өндүрүү үчүн керектүү чийки зат менен ички рынокту камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешинин иш-чараларын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн зарыл болгон товарлардын жеңилдетилген тизмесин кеңейтүү боюнча Кыргызстандын сунушу да колдоо тапты.
