Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалары кыйла жогорулады
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 август

Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалары кыйла жогорулады

Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы беш айында керектөө баалары ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк өстү.

Май айында 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу баалардын өсүшү 4,8%ды түздү.

Казакстанда баалар 4,3%, Арменияда – 3,7%, Орусияда – 3,3%, Беларуста – 2,6% өскөн.

Мындай маалыматтарды Евразия экономикалык комиссиясы келтирди.

Жылдык эсепте, башкача айтканда, 2026-жылдын май айын 2025-жылдын май айына салыштырганда, Кыргызстанда керектөө баалары 11%га өскөн.

Бир жыл ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 9,8%га, азык-түлүк эмес товарлар 8,8%га, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 18,1%га кымбаттаган.