Жыл башынан бери Энергетика министрлигинин инфраструктурасы канчалык жакшырды?
20 октябрь

Жыл башынан бери Энергетика министрлигинин инфраструктурасы канчалык жакшырды?

Энергетика министрлиги жыл башынан бери канча объект ишке берилгенин айтты.

Жалпы: Энергетика жана көмүр тармагына 9 объект пайдаланууга берилди. Анын ичинен:  “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан ишке берилген 2 обьектилер:

  • “Урмизан-3” тилкеси;
  • “Загара-2” тилкеси.

Ал эми  “КУЭТ” ААКга тиешелүү 7 объект ишке берилди:

  • Баткен электр тармактары ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
  • Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү райондук электр тармактарынын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты реконструкцияланды;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул райондук электр тармактарынын Торкент участогунун имараты курулуп толук ишке берилди;
  • Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук райондук электр тармактарынын Жаңы-Жер участогунда заманбап автобокс курулуп толук ишке берилди;
  • Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цехи курулуп толук ишке берилди.