Климаттын өзгөрүшүнөн улам Кыргызстандын ИДПсы 4,2%га чейин жоготууга учурашы мүмкүн
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу зарыл чаралар көрүлбөсө, Кыргызстандын экономикасынын жоготуулары 2040-жылга карата ИДПнын 2–3%ына, ал эми 2050-жылга чейин 4,2%ына жетиши мүмкүн.
Мындай баалоолор Кыргызстандын 2035-жылга чейинки Улуттук адаптациялоо планынын долбоорунда келтирилген.
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен 2040-жылга чейин дагы 170 миңдей адам жакырчылыктын чегинен төмөн түшүшү мүмкүн. Өзгөчө айыл жергесинде жана бийик тоолуу аймактарда жашаган калк аялуу катмар катары белгиленген.
Ошондой эле 2050-жылга чейин суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн инфраструктурага келтирилген зыян 41–72%га көбөйөрү болжолдонууда.
Жолдорду оңдоого жыл сайын кошумча чыгымдар 100 млн доллардан ашышы мүмкүн.
Документте климаттык кырсыктардын алдын алууга жумшалган инвестициялар алардын кесепеттерин жоюуга караганда кыйла арзан экени белгиленет. Орточо эсеп менен зыяндын алдын алууга салынган ар бир 1 доллар келечектеги 4 долларлык чыгымды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
