2024-жылы Кыргызстандан 1065,6 тонна шире экспорттолгон
2024-жылы Кыргызстандан 1065,6 тонна шире экспорттолгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык,
2019-жылдан бери Кыргызстанда шире азыктарын өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, чийки зат базасынын аркасында 7,8 миллион литрден 12,2 миллион литрге чейин өстү.
Белгилей кетсек, кыргызстандык шире азыктары Казакстан, Россия, Өзбекстан, Монголияга экспорттолот.
Ширени кантип тандайбыз? Түрлөрүн карап чыгалы.
Шире – бул жаңы жемиштерден же жашылчалардан алынган суюк зат. Ал жемиштердин даамын жана пайдалуу касиеттерин сактайт.
Ширелердин түрлөрү:
Түз сыгылган шире бул – жаңы же сакталган жемиштерден жана жашылчалардан механикалык жол менен алынат. Бул ширенин эң бай жана толук кандуу түрү.
Кайра калыбына келтирилген шире болсо, концентратка суу кошуп жасалат. Даамы бир аз өзгөрүшү мүмкүн, бирок пайдалуу касиеттерин сактайт.
Нектар ширеси болс – ширени пюре менен аралаштырып, ага суу жана кант кошулушу мүмкүн. Даамы жумшак, бирок түз сыгылган ширеге караганда азыраак пайдалуу.
Шире камтыган суусундуктар – бул суусундуктарда кеминде 10% шире же пюре болушу керек, калган бөлүгү суу, кант жана ароматизаторлор болушу мүмкүн. Ал жеңил суусундук, бирок кошулмалары бар.
Ширелерди консервациялоо үчүн химиялык консерванттар колдонулбашы керек.
