Кыргызстанда билим берүү мекемелери үчүн эмеректер жогорку экспорттук потенциалга ээ
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
30 июль

Кыргызстанда билим берүү мекемелери үчүн эмеректер жогорку экспорттук потенциалга ээ

Билим берүү мекемелери үчүн эмеректер жогорку экспорттук потенциалга ээ. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата Экспорттук жана маркетингдик стратегияда айтылат.

Мектеп эмеректерин экспорттоо үчүн негизги рыноктор катары Россия жана Казакстан аталган.

Ошондой эле корпустук, жумшак жана металл эмеректер, мейманканалар жана ресторандар үчүн чыгарылган эмеректер да чоң экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ.

Корпустук жана жумшак эмеректерди Россия, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттоо сунушталууда. Ал эми мейманкана жана ресторандар үчүн эмеректерди Казакстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын рынокторуна чыгаруу пландалууда.

Дизайнердик эмеректер орто мөөнөттүү келечекте Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө жана БАЭге чыгышы мүмкүн. Ал эми премиум класстагы продукция Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Европага экспорттолушу ыктымал.

Документте Кыргызстандын айрым эмерек өндүрүүчү ишканаларынын кубаттуулугу болгону 20–60 пайызга гана колдонулуп жатканы белгиленет. Бул ири капиталдык салымдарды талап кылбастан өндүрүш көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Экспортту өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктар катары логистиканын кымбаттыгы, импорттук чийки затка жана комплектөөчү бөлүктөргө көз карандылык, кыргыз эмеректеринин жетишсиз таанымалдыгы жана эл аралык сертификаттардын жетишсиздиги көрсөтүлгөн.

Өндүрүүчүлөргө модулдук эмеректерди жана flat-pack форматындагы буюмдарды чыгарууну өнүктүрүү, заманбап дизайн чечимдерин киргизүү, ошондой эле курулуш компаниялары, мейманкана тармактары жана билим берүү уюмдары менен кызматташууну кеңейтүү сунушталууда.