
Сууну 14 жыл мыйзамсыз пайдаланып келген ишканага 848 миң 128 сом доо коюлду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы менен биргеликте Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Первомайская көчөсү 29А дарегинде жайгашкан “Лахор Стил Милс” ЖЧКсына суу мамилелери жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктады.
Тактап айтканда, аталган ишкана жер астындагы сууларды пайдалануу үчүн 2 (эки) скважинаны 2012-жылдан бери эч уруксат кагаздары жок пайдаланып келген жана Мамлекеттик Салык кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгы 2011-жылдын 27-майынан бери сууларды пайдалануу үчүн төлөмдөрдү төлөбөгөндүгүн тастыктады.
Жыйынтыгында, бул факты боюнча Жерсуукөзөмөл кызматы Сокулук райондук прокуратурасы менен биргеликте аталган ишканага жер астындагы сууларды 2012-жылдан 2025-жылдын апрель айына чейин мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жалпы суммасы 848миң 128 (сегиз жуз кырк сегиз миң бир жүз жыйырма сегиз) сомдук доо эсептеп, коюлган доону төлөө боюнча доомат келтирди. Бүгүнкү күндө доону өндүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.