
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Таласта: Соодагерлер кайра патентке өтүшөт
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас облусундагы базарларды кыдырып, сатуучулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында соодагерлер кайрадан патенттик система аркылуу иш алып барууга макул болушту.
Текшерүү учурунда көптөгөн соодагерлер чек берүүчү кассалык-контролдук машиналарды (ККМ) формалдуулук үчүн гана колдонуп жатканы аныкталды. Кээ бир учурларда ККМ аппараттары иштебей турганы же такыр эле колдонулбаганы байкалган.
«Бир пенсионер кубаттагычын таппай калыптыр. Бир кыз болсо аппаратты күйгүзбөй эле коюптур», – деди Шыкмаматов базардагы абал тууралуу комментарий берип жатып.
Салык кызматы мындай учурлар салык чогултуунун эффективдүүлүгүнө терс таасир этерин белгилеп, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерин улантарын маалымдады.