Бизнес-борборлор, мейманкана комплекстери. Ош шаарында ири инфраструктуралык объекттер курулат
Ош мэриясы
30 июль

Бизнес-борборлор, мейманкана комплекстери. Ош шаарында ири инфраструктуралык объекттер курулат

КР Министрлер Кабинети менен “Куньлунь” курулуш компаниясы” ЖЧКсынын ортосунда Ош шаарында масштабдуу инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. 

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, документке бүгүн, 30-июлда кол коюлду. 

Кол коюу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаевдин, ошондой эле инвестор компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Долбоордун алкагында Ош шаарында заманбап “Эне-Сай Сити” турак жай комплекси, 688ден кем эмес жеке турак үй, бизнес-борборлор, мейманкана комплекси, эс алуу зоналары, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктуралык объекттер курулат.

Аталган долбоор шаарга ири көлөмдөгү инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана Ош шаарынын инфраструктуралык өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берүүгө багытталган.

Инвестициялык демилге шаардын экономикалык дараметин кеңейтүүгө жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө маанилүү кадам болуп саналат.