Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль
Жыл башынан бери Ысык-Көлдө азык-түлүк жана суусундуктардын баалары эң көп көтөрүлдү
2026-жылдын башынан бери азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң көп өсүшү Ысык-Көл облусунда катталган.
2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу аймакта азык-түлүк 8,9%га кымбаттаган.
Нарын облусунда баалардын өсүшү 8,6%, Ош облусунда 8,4%ды түздү.
Талас облусунда азык-түлүк 5,9%га, Бишкек шаарында 5,3%га, Жалал-Абад жана Чүй облустарында 5%га өскөн.
Азык-түлүккө баалар эң аз Баткен облусунда жогорулаган — 3,6%.
Кыргызстан боюнча орточо эсеп менен жыл башынан бери азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,4%га кымбаттады.
Бул маалыматтарды Кыргызстандын Улуттук статистика комитети келтирди.
