Соода-өнөр жай палатасынын Түркиядагы жаңы өкүлү дайындалды
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиядагы палатанын жаңы өкүлү Венера Кожоевага расмий сертификат тапшырды.
Венера Кожоева жогорку экономикалык билимге ээ болуп, көп жылдан бери ишкерлик чөйрөдө эмгектенип келет.
Акыркы жылдары ал Түркияда кыргыз курулуш бизнесин ийгиликтүү көрсөтүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп жатат.
Венера Кожоеванын дайындалышы кыргыз жана түрк ишкерлеринин ортосундагы кызматташууну дагы да бекемдеп, кыргызстандык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенет.
