Республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү, план 22,7 млрд сомго көп
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

Республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү, план 22,7 млрд сомго көп

Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү, бул пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, план 103,9%га аткарылды.

"Мамлекеттик салык кызматы чогулткан киреше 259,8 млрд сомду түздү, план 103,6%га аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы чогулткан киреше 139,0 млрд сомду түздү, план 104,6%га аткарылды. Жыл аягына чейин оң динамиканы сактоо менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын, ошондой эле каралган каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу зарыл», – деди ал.