Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин жарымынан көбү Өзбекстандан келет
сүрөт: depositphotos.com
23 ноябрь

Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин жарымынан көбү Өзбекстандан келет

Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин жарымынан көбү Өзбекстандан келет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Аслан Мусабеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы туристтердин жалпы агымынын болжол менен 62%ы Өзбекстандын жарандарына туура келген.

Ал эми Казакстандан келген туристтер 25%ды, Россиядан келгендер 5,13%ды түзгөн. Калган 8%га жакыны башка өлкөлөрдөн келген туристтер.

Мусабеков коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин үлүшүнүн жогору болушун географиялык жакындыгы, климаттык шарттардын окшоштугу, маданий байланыштар жана транспорттук жеткиликтүүлүк менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, туризм тармагындагы негизги милдеттердин бири — туристтер келген өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү жана алыскы мамлекеттерден саякатчыларды тартуу.

Бул үчүн транспорт тармагын өнүктүрүү, тейлөө сапатын жогорулатуу жана чет тилдерин билген адистерди даярдоо зарыл.