АЧК-12 долбоору боюнча 3,87  млрд  сом жеңилдетилген кредит каржыланды
26 сентябрь

АЧК-12 долбоору боюнча 3,87 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2024-жылдын 19-сентябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12”  долбоордун алкагында республиканын 9 795 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 874,83  млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 441,50 млн сом суммасында 8 472 субъектти  түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 433,33 млн сом суммасында 1 323 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.