Медицинадагы жасалма интеллект: россиялык компания Кыргызстанга инвестиция салат
КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандын медицина тармагына жасалма интеллект технологияларын киргизүүнү көздөгөн россиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоор бейтаптардын медициналык документтерин санариптештирүүгө, интеллектуалдык диагностиканы киргизүүгө жана маалыматтарды анализдөөнүн негизинде оптималдуу дарылоону тандоого багытталган. Россияда бул система өзгөчө Москвада ийгиликтүү иштеп жатат жана федералдык деңгээлдеги мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда.
Технологияны Кыргызстанда ишке киргизүү үчүн компания 20 миллион доллар инвестициялап, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташат.
Медициналык технологиялардан тышкары компания өкүлдөрү айыл чарба сектору үчүн инновациялык чечимдерди, анын ичинде көчмө сүт фермаларын, кургатуучу машиналарды жана көчмө лабораторияларды көрсөтүштү. Тактап айтканда, сүттү кайра иштетүүчү көчмө цехтерди түздөн-түз чарбаларга киргизүү талкууланды, бул өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Жолугушуу ошондой эле инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр Первоуральск Банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Мындан тышкары, IT-билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги жана Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарына жасалма интеллектти киргизүү маселелери талкууланды.
