
2024-жылдын аягына чейин 20 скважина ишке киргизилет
Энергетика министрлиги мунай өндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.
2024-жылдын 9-февралында «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Галча» кендеринде мунай жана газ өндүрүү үчүн №2 Лицензиялык келишим алынды;
«Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин 20 скважина ишке берилет. «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курулушу акыркы этабы аткарылууда. Нефть өндүрүү жана кайра иштетүү башталышы менен 350-400 жумушчу оорун камсыз болот. Инвестициянын жалпы көлөмү 90 млн. АКШ долларын түзөт.
7. Жыл башынан бери энергетика жана көмүр тармагына жалпы 93 атайын техника сатып алынды. (Анын ичинен: " КУЭТ" ААКга - 67 атайын техника, “Кыргызкөмүр” МИси - 23, «Электр станциялар» ААК-3 атайын техника алынды)