Теңгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча жумушту башынан аягына чейин мен аткардым
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Теңгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча жумушту башынан аягына чейин мен аткардым

Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу боюнча жумушту башынан аягына чейин ал аткаргандыгын жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, акыркы убакта Садыр Жапаров «Кумтөрдү мен кайтардым, Аскар Акаевди да өзүм чакырып, бардыгын өзүм чечтим» деген сыяктуу чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү жасай баштаганынан улам, бул тарыхый процессти кайрадан баштан-аяк ачыктап берүүгө мажбур болгон.

"Бирөө эмгек кылып, экинчиси анын мээнетин өзүнө ыйгарып алганына мен эч качан жол бербейм. Мага карата ушундай кадамдар жасалгандан кийин, мен чындыкты айтууга милдеттүүмүн. "Президенттин эрки менен болгон ишти өзүңүзгө оодарып жатасыз" дегендерге ачык айтайын: кур сөз менен "Кумтөрдү кайтарабыз" деп миң жолу кайталап айтканга ооз таттуу болуп калбайт. Чыныгы жумушту, юридикалык, идеялык жана координациялык оор эмгекти кимдир бирөө аткарышы керек эле. Ал жумушту башынан аягына чейин мен аткардым!", - деди ал.

Теңгиз Бөлтүрүк бир катар тарыхый фактыларды келтирди.

Аларды өзгөртүүсүз келтерибез:

1. Идея да, иш-аракеттердин планы, алгоритими да меники: Мен Кыргызстанга келип, президенттик резиденцияда 6 күбөнүн көзүнчө 27-февралда 2021-жылы Кумтөрдү кантип, кандай укуктук кадамдар менен колубузга ала турганыбызды баштан-аяк толугу менен сызып, негиздеп бергем. Ошого баары макулдугун беришип үч күндөн кийин ошол Протоколдун негизинде Улугбек Марипов Кумтөр боюнча Өкмөттүн Постановлениясын чыгарган.

2. Аскар Акаевди чакыруу — менин жеке оюм жана демилгем: Ал тургай, сүйлөшүүлөр тыгынга кептелип, юридикалык кадамдар токтоп калуу коркунучу жаралганда, Аскар Акаевди процесске тартуу тууралуу пикирди да мен сунуштагам.

3. Глобалдык келишимди оңдоо: Жада калса Глобалдык келишимди түзүүдө капыстан ката кетирген америкалык юристти иштен кетирип, менин котормочулар келишимдин текстин кайрадан өзүбүз оңдоп чыкканбыз.

Кумтөр боюнча идеядан баштап, ага байланыштуу юридикалык, уюштуруучулук, координациялык иштердин бардыгын башынан аягына чейин өзүм башкаргам жана өмүрүмдүн аягына чейин ушул чындыкты айтуудан кайра кайтпайм. Мага жалаа жаап, тарыхты бурмалаганды токтоткула.