«Кыргызкөмүр» дизель майын литрине 92,85 сомдон алат
«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому дизель майын жеткирүү, салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо литрине 92,85 сомдон алат.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы №764 токтому менен бекитилди.
Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык айрым ишканаларды күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо үчүн Министрлер кабинети тарабынан аныкталган жеткирүүчү «Кыргызкөмүр» ишканасына дизель майын белгиленген баада берүүгө милдеттүү.
Мында жеткирүүчүгө субсидия берилет. Анын өлчөмү импорттолгон дизель майынын иш жүзүндөгү наркына, чыгымдарына жана кирешелүүлүгүнө жараша эсептелген баа менен өкмөт тарабынан белгиленген сатуу баасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоо механизми ЭКО-93 үлгүсүндөгү бензинге да жайылтылды. Буга чейин тиешелүү ченемдерде АИ-92 үлгүсүндөгү бензин гана көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына субсидия алуучулардын сатып алуу жана күйүүчү майды сатуу наркын түзүүнүн иш жүзүндөгү шарттарын эске алуу менен эсептөөлөрүн жана документтерин кошумча талдоо укугу берилди. Талдоонун жыйынтыгында мекеме ведомстволор аралык жумушчу топко субсидиянын өлчөмүн өзгөртүү боюнча сунуш киргизе алат.
Өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы күйүүчү-майлоочу майлардын базар баасын турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө токтомуна киргизилди.
Жаңы ченемдердин айрымдары 2026-жылдын 23-июнунан, айрым жоболору 25-майдан тартып, калгандары 1-августтан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.
