Кыргызстанда кепилденген депозиттердин көлөмү беш жылда алты эсеге өстү
Кыргызстандын банк системасындагы кепилденген депозиттердин көлөмү акыркы беш жылда алты эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын аягына карата кепилденген депозиттердин көлөмү 225 млрд сомду түзгөн.
Ошол эле учурда депозиттик эсептердин жалпы саны да өсүүдө. Учурда алардын саны 13,5 млнго жакындады.
Байбосунов белгилегендей, депозиттердин саны калктын санынан кыйла көп. Анткени бир адамдын бир нече аманаты болушу мүмкүн, ошондой эле Кыргызстандагы банктарда резидент эмес адамдар да эсеп ача алышат.
Анын айтымында, депозиттик базанын тез өсүшү депозиттерди коргоо системасынын милдеттенмелерин көбөйтүүдө. Ал эми 2008-жылдан бери банктардын төгүмдөрүнүн белгиленген ченеми узак убакыт бою өзгөргөн эмес.
Ушул жагдайлар депозиттерди коргоо системасын реформалоонун негизги себептеринин бири болуп, жогорулатылган жана дифференцияланган төгүмдөргө өтүүнү караган өзгөртүүлөрдү даярдоого түрткү болгон.
