Кыргызстан кандай газдаштырылган?
20 октябрь

Кыргызстан кандай газдаштырылган?

2024-жылга жаратылыш газын берүүнүн болжолдуу көлөмү 500,0 млн м³, бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 2023-жылы 38% болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40%га жетти.

Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 402 миң абоненттер газга кошулган. 2024-ж. 1-октябрына карата жаратылыш газын пайдалануу 303 млн м3 түзгөн.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55,9 млн м3 көп пайдаланды. 2024-жылы 5 турак- жай конушу  газдаштырууга пландаштырылган; Новопавловка а., Бакай Ата а., Новопокровка а,Төкөлдөш ж.к., Ак-Босого ж.к.

2024-жылдын 1-октябрына карата: 4 турак-жай конушу газдаштырылды. (Новопавловка а., Бакай Ата а., Новопокровка а,Төкөлдөш ж.к., ) 13 454 абонент газга кошулду.

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору бекитилген.

Долбоорго ылайык 2024-жылдын 1-октябрына карата 167 абонент жаратылыш газына кошулду, берилген каржылоонун жалпы суммасы 19, 4 млн. сом. Ал эми, долбоордун жалпы суммасы 1 млрд сом; насыянын пайызы 8 %; мөөнөтү 24 айга чейин.