Кыргызстандагы эң ири ГЭСти ишке киргизүү үчүн кандай иштер жасалды
20 октябрь

Кыргызстандагы эң ири ГЭСти ишке киргизүү үчүн кандай иштер жасалды

Кыргыз Республикасынын Энегетика министрлиги «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштерин график боюнча жигердүү аткарылууда. Өкмөт тарабынан 1,555 млрд сом бөлүнгөн анын ичинен курулуш иштерине  1,480 6 млрд сом бөлүнгөн. Калган суммасы долбоорлоо иштерине жумшалды. Ал эми Дүйнөлүк банк тарабынан ТЭНди актуализация кылуу үчүн 18,6 млн.АКШ доллары бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө үч мамлекеттик Өкмөттөр аралык келишимдин үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө консультант AFRY компаниясы тарабынан дамбанын 4 варианты сунушталган. Анын ичинен Энергетика министрлигинин жумушчу тобу дүйнөлүк эксперттердин корутундусунун жыйынтыгы менен бетон дамбасын тандап алган. Эми кийинки этапта 2025-жылдын май айларында консультант AFRY компаниясы дамбанын ТЭНин сунуштайт. Андан кийин дамбаны долборлоо жана башка иштери башталат.

Маалыматка ылайык бүгүнкү күндө бүткөн жумуштар: КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Анын ичинен жолдун бир тарабы 7 чакырымы бүттү. 2024 -жылга жалпы жолдун жарым бөлүгү бүтсө, дагы жарым бөлүгү 2025 жылдын башына пландалды. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталып, бүгүнкү күндө 126м туннелдин бүтпөгөн бөлүгү толугу менен казылып бүттү. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 11км ден 7 км зым тартылды. Аба чубалгынын 62 % бүттү, Жалпы 25 мамычадан 18ү орнотулду.

План боюнча 2024 жылдын аягына чейин 110 кВ аба чубалгысы менен электр комокчу чордону боюнча иштери буткоруусу каралган. Жумушчулар үчүн курулуп жаткан убактылуу шаарчанын жана ПС 110/6кВ комокчу чордондун негизи даярдалды. Нарын дарыясынын он жээгине отуп Камбарата ГЭС-1не баруучу копуронун №1 менен №2 тирегинин  сваялары толугу менен буткорулду, №4 тирегинин 2 сваясы буткорулду. Ошондой эле копуронун темир тузумдору Кытай компаниясы менен биргеликте даярдалууда. Камбарата ГЭС-1ди курууда керектелуучу мобилдик байланыш Мегаком туйуну курулуп буткорулду, узундугу 1300м болгон ОВ-8 чубалгысы орнотулду.  Камбар-Ата ГЭС-1де 100 орундуу вахталык лагердин курулушу: Фундамент үчүн чуңкур казууга жер казуу иштери жүрүп жатат, имараттын пайдубалында (ВП) казуу жана таш иштери жүрүп жатат, топурак казылып, таштанды төгүлүүчү жерге ташылууда. Бүгүнкү күнгө пайдубалды курууга 28,5м3 бетон куюлду.

Мындан тышкары энергетика тармагында ири долбоорлдорду ишке ашыруу максатында, инвестиция тартуу, инвесторлор менен биргеликте бир катар долбоорду ишке ашыруу иштери жүрүп жатат.