Министрлик үрөндүк материалдарга коюлуучу жаңы талаптар жөнүндө эскертет
Акыркы жылдары мыйзамсыз, сапатсыз жана контрафакттык үрөн жана көчөт материалдарынын жүгүртүүсү көбөйүп жатканы байкалууда. Бул түшүмдүн жоготууларына, өсүмдүк ооруларынын жайылышына жана фермердик чарбаларга экономикалык зыян келтирүүдө. Мамлекет мындан ары мындай көрүнүштөргө көз жумуп карай албайт – агрардык коопсуздук улуттук азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан нормативдик-укуктук акттын долбоору иштелип чыгууда. Анын алкагында дыйкан чарбаларга, фермердик чарбаларга, агроишканаларга жана кооперативдерге бардык айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузууда сапат сертификаты жана келип чыгыш сертификаты бар гана үрөн жана көчөт материалдарын колдонуу милдеттендирилет.
Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө азыртан тартып төмөнкүлөрдү сунуштайт: үрөндөрдү жана көчөттөрдү сертификатталган жеткирүүчүлөрдөн гана сатып алуу; сатуучулардан сапаты жана келип чыгышы тууралуу документтерди талап кылуу; эгиндик материалдардын ар бир партиясы боюнча сертификаттардын архивин түзүү.
Ошол эле учурда министрлик маанилүү эскертүү жасайт: эгер фермерлер колдонулган үрөндөрдүн сапатын, сертификациясын жана келип чыгышын тастыктай алышпаса, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдиктерди жана колдоо чараларын ала алышпайт.
Белгилей кетсек, учурда мамлекет тарабынан:
- жеңилдетилген насыялар берилүүдө, жер участоктору бөлүнүүдө;
- кооперативдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө.
Кыргызстан «кандай болсо ошондой» эмес, сапаттуу, көзөмөлдөнгөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүшү зарыл.
