Ош мэриясы
18 июль
Ошто БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы талкууланды
Ош шаарынын мэриясында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өттү.
Жыйынга МАБ, социалдык коргоо жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Жыйында социалдык жактан аяр катмардагы жарандарды колдоо жана жумушсуздарды коомдук пайдалуу жумуштарга тартуу маселелери каралды.
Ошондой эле МАБ кызматкерлери үчүн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча окутуу өткөрүлдү. Жыйынтыгында мекемелер долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашышты.
