Кыргызстан жашыл өнүгүү багытындагы эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүдө
Кыргызстандын делегациясы Түркияга болгон окуу сапарынын алкагында жашыл экономика, климаттык каржылоо жана көмүртек чыгарындысын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышты. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 21-23-июль күндөрү делегация Түркиянын Жашыл таксономияны өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарын мониторингдөө (MRV) жана чыгарынды квоталары менен соода жүргүзүү системасын (ETS) киргизүү боюнча практикалык ыкмаларын үйрөндү.
Сапардын жүрүшүндө туруктуу инвестициялар, климаттык долбоорлорду каржылоо, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек рыногун өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Делегация Анкара шаарындагы Votorantim Cimentos цемент заводунда болуп, экологиялык стандарттар, энергия натыйжалуулугу жана чыгарындыны азайтуу боюнча чечимдер менен таанышты.
Түркиянын тажрыйбасы Кыргызстандын Жашыл таксономиясын өнүктүрүүгө, туруктуу каржылоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстан жашыл экономикага өтүү багытында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну улантууда.
