Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери кандай жүрүп жатат?
22 апрель

Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери кандай жүрүп жатат?

«Чакан ГЭС» ААКсы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте Орто-Токой ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Объект Ысык-Көл облусунда, Балыкчы шаарынан 20 чакырым алыстыкта Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде, жайгашкан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу — 21 МВт, ар бири 7 МВттан үч гидроагрегат аркылуу ишке ашат. Орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү — 75 миллион киловатт-саат.

Бул Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашуун абонентти электр энергиясы менен камсыздай алат. Жалпы долбоордун наркы — 247,1 миллион юань же болжол менен 34,8 миллион АКШ доллары. Долбоор КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы токтомунун негизинде башталган. «Чакан ГЭС» ААКу менен CHMC компаниясынынортосундагы келишим 2023-жылдын 24-мартында түзүлгөн. Ага техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук документацияны даярдоо жана бардык курулуш иштерин жүргүзүү камтылган. 2024-жылдын 29-июнунда ГЭСтин курулушунун расмий башталышын белгилеген капсула салуу аземи өткөрүлгөн.

Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштер:

  • ГЭС имаратында бетон куюу иштери уланууда, 700 тонна ашуун арматура колдонулуп, 4500 м³ бетон куюлду;
  • пландалган 771 метрдин ичинен 636 метр туннель казылды;
  • негизги жабдуулар (шлюздар) келди жана орнотуу үчүн даярдалууда;
  • турбинанын суу чыгаргыч түтүктөрүн орнотуу калыптары орнотулууда.

Объектте жалпы 130 жумушчу эмгектенүүдө, алардын 40ы — жергиликтүү тургундар. Иш үч сменада уюштурулган, бул графикке так сактоого мүмкүнчүлүк берет. Орто-Токой ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.