Сүрөт ачык булактардан алынды
29 июль
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 46,184 млн кВт.саатты түздү
Энергетика министрлиги энергетика тутумундагы абал боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 46,184 млн кВт•саатты түздү.
2026-жылдын 29-июлуна карата Кыргыз Республикасынын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат.
Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайты www.nesk.kg, ошондой эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.
